Баткендеги сүт азыктарын кайра иштетүүчү завод мамлекетке өттү


КР УКМК Сүлүктү шаарындагы жалпы аянты 0,93 га болгон мурунку сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводду мамлекетке кайтарып берди, ал 2000-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген.


Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында азыркы ээси өз ыктыяры менен заводдун аймагын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.