Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июлда милицияга 23 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал 61 жаштагы атасы такси кызматын көрсөтүү үчүн үйдөн чыккан боюнча 2-июлда дайынсыз жоголгонун билдирген.
«4-июлда Балыкчы шаарынын түндүк тарабындагы «Абрикос» дачасынын аймагынан таксисттин сөөгү табылды. Ал бут кийимдин боосу менен муунтулуп өлтүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 29 жана 31 жаштагы тургундары кармалып, эки айга камакка алынды.

