Бишкектин Октябрь райондук соту 9-июлда “Апрель” телеканалынын иши боюнча чечим чыгарып, мекемени толук жабуу чечимин чыгарды.
Судьянын чечиминде “Апрель” телеканалынын лицензиясы алынып, социалдык тармактардагы баракчаларындагы ишмердигин токтотуу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев билдирди.
“Доо арыз толугу менен канааттандырылды. Юридикалык жак катары жойду. Бардык уруксат берген лицензиясы жоюлуп жатат», — деди адвокат.
Апрель айынын соңунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “Апрелдин” “Не жаңылык” берүүсүндө терс маанайдагы жаңылыктар камтылып, бийликтин кадыр-баркына доо кетирет деп тапкан. Анын негизинде прокуратура телеканалдын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылган.

