Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук статистика башкармалыктары жоюлуп, алардын милдеттери шаардык жана борбордук бөлүмдөргө жүктөлөт. Жыйынтыгында баш-аягы кызматкерлердин саны 100гө кыскарат.
Мындай чечим борбордук жана облустук бөлүмдөрдүн бирдей жумушту аткаруусун жокко чыгаруу, шаардык бөлүмдөрдүн респонденттер менен иштешүүсүн жакшыртуу үчүн кабыл алынган.
Үнөмдөлгөн каражаттар Статистика комитетинин кызматкерлерине кошумча сый акы төлөөгө жана башка материалдык сыйлык берүүгө жумшалат.

