КР УКМК ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, Талас облусунун кыргыз-казак мамлекеттик чек ара сызыгына чектеш жеринде, “Чоң-Капка” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан мурдагы “Кербен-Базары” 3 га жер тилкеси КР мыйзамдарын бузуу менен колдонгону аныкталып, жыйынтыгында мамлекеттин менчигине кайтарылды.


