Темир жол кызматкерлерине турак жайлар курулат


Бүгүн Бишкек шаарында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн курула турган көп кабаттуу турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды.

Ишканадан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, ишкананын жетекчилиги, темир жолчулар жана чакырылган коноктор катышты.

Аянтчага компаниянын кызматкерлери үчүн ар бири 19 кабаттуу үч блоктон турган 285 батирлүү турак-жай куруу пландалууда.

Анын ичинде:

  • 1 бөлмөлү 114 батир;
  • 2 бөлмөлү 114 батир;
  • 3 бөлмөлү 57 батир камтылган.

Темир жолчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап инфраструктура камсыздалат: комплексте унаа токтотуучу жай, спорт жана балдар аянтчасы, ошондой эле заманбап жылуулук борбору каралган. Турак-жай коплекси Лев Толстой/ Термечиков көчөсүндө жайгашкан.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин социалдык турак жай менен камсыз кылуу долбоору президент Садыр Жапаров жана президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин колдоосу менен ишке ашырылууда.