Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
Аталган үй Калый Молдобасанов көчөсүндө салынган.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент «Менин үйүм» программасынын алкагында 70 миң батирдин курулушу жүрүп жатканын, ал эми кезекте тургандардын саны 58 миңге жеткенин айтты. 10 миңден ашык үй-бүлө батирлүү болду.
“Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатат. Бул чоң пландар жарандардын үй-жай маселелерин чечүүгө багытталган иштин бир бөлүгү гана. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, биягы Кара-Балтадан Токмокко карай үйлөрдүн салынышы кызуу жүрүүдө”, — деди Жапаров.

