Свердлов РИИБдин кызматкеринин катышуусундагы жол-транспорттук кырсык боюнча кызматтык иликтөө аяктады


Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы Бишкек шаарында болгон жол-транспорттук кырсык боюнча кызматтык иликтөөнү аяктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяда көрсөтүлгөн транспорттук каражат кызматтык унаа эмес экендиги аныкталды.

Бул кырсыктын толук жагдайын текшерүүнүн жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
— Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Замир Эргешов ээлеген кызматынан бошотулсун;
— тергөө боюнча башчынын орун басары Адилет Абрахмановго карата “кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” түрүндөгү тартиптик жаза колдонулсун. Анткени, ал кырсык болгон учурда ал негизги жетекчинин кыска мөөнөттүү өргүүсүнө байланыштуу РИИБдин башчысынын милдетин аткарып жаткан;
— Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Мыктыбек Болушевге карата мурда колдонулган тартиптик жазасы- “кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” менен чектелсин.

Ички иштер министрлиги өз кызматкерлеринин кызмат орундарына карабастан, алардын аракеттерин баалоодо мыйзамдуулук, ачыктык жана ар тараптуулук принциптерин такай карманат.

ИИМдин Басма сөз кызматы