Коом

Кара-Кечеде көмүр калкка жана Бишкек ЖЭБине үзгүлтүксүз берилүүдө

Кара-Кече көмүр кенине тазалоо иштери жүрүүдө, ошондуктан жеке жүк ташуучу унаалар үчүн берилбей жатат. Бул тууралуу  «Кыргыз көмүр» ишканасынын маалымат кызматынан маалымдашты.

Ишканадан билдиришкендей, учурда көмүр калкка 3 миң сомдон сатуу үчүн жана Бишкек ЖЭБине үзгүлтүксүз негизде берилүүдө.

«Тазалоо иштери бир жумага созулат», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгилей кетсек, Кара-Кече көмүр кенинде жеке жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышкан. Алар көмүр кени жеке ишкерлер үчүн жабык экендигин билдирип, аларга көмүр сатылбай жатканына нааразы болушкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button