Саясат

Кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү талкууланды

Бүгүн, 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары  Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, тараптар кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары  Арзыбек Кожошев жана Кыргызстандагы КЭР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь бири-бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button