Алардын арасында алты бала бар экенин Синьхуа агенттиги билдиргенин, Известия басылмасы жазды.
Синьхуанын маалыматына ылайык, майрамдоо учурунда адамдардын каза болушунун негизги себептери — мас абалында сууга түшүү жана балдарды көзөмөлсүз калтыруу болгон.
Наадам – аталган өлкөдө масштабдуу белгиленген майрамдардын бири. Ал жыл сайын июль айында өткөрүлүп, маданий иш-чара, салтанаттар менен коштолуп, улуттук спорт сыяктуу оюндары ойнолот.
Фестиваль 1921-жылдан бери өткөрүлөт жана ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

