Тагдыр: Элдин баарына ойнош экениңди айтып жар салам десем тынчып калды…


Бир кездери өзүм сүйүп, өзүм тандап турмуш куруп алган жолдошумдун чыккынчылыгына чыдабай, азыркы жашоомду жек көрүп бара жатам…

Сөз башынан болсун, атым Бермет.

Бишкекте окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң өзүм сүйүп жүргөн жигитке турмушка чыктым. А бирок ал мени чындап сүйгөнү эсте жок, анткени ал башканы сүйүп, ошол сүйүктүүсүн ала качып кетип, кокустан эле мени алып калган. Түтүн булатып жашагандан бери көп жолу ала жипти аттап, көзүмө чөп салып жүргөнүн билчүмүн. Ошентсе дагы жакшы көрө бердим, баарына көз жумуп жашадым. Ортобузда 3 бала бар, балдар төрөлгөндө бир аз токтолгонсуп, кайын журтка балдарды таштап, Россиянын Екатеринбург шаарына иштегени кеттик. Тапкан ташыганыбызды үйгө, бизнеске, автоунаага жумшап, жашообуз кыйла өзгөрдү. Балдар дагы кенен жашап баштады, ошондо ал жактагы иштерди жыйыштырып, мекенге келдик. Тапкан акчаны мен жакшы чогулткандыктан, башынан эле үй-бүлөлүк кирешени мен кармадым. Азыр деле ошондой…

Ошентип, быйыл жолдошумдун 20 жылдыгы белгиленди, ага аябай катуу даярданып биз да бардык. Жолдошум бир классташ кызынан көзүн албай теше тиктеп, мен издеген көз караш менен тиги классташын карап турду. Аны мен эмес, ошол жердеги аяштар, классташтар баарыбыз байкадык.

Мен дагы атайын ошол Асыл деген классташы менен баарлашып, анын турмушу тууралуу билгим келди. Көрсө, тээ илгерки жолдошумдун сүйгөнү Асыл экенин билдим, экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө ала качып кетиптир. Асылдын жолдошу кайтыш болуп, 2 баласы менен жалгыз калыптыр. Жолдошумдун мурдагы сүйүүсүнөн кызганып, Тилек (жолдошумдун ысымы) мени сүйөрүн, жашообуз жакшы экенин айтып мактанып алдым. Ошондо да Тилек Асылдан көзүн алган жок.

Аяштар менен тамак жасаганы кетсек, Тилек Асылды ээрчитип суу жээкке кетишти деп угуп калдым. Ала-күү түшүп бат эле жетип бардым. Экөө жер тиктеп отурушуптур. Мени көргөн Асыл дароо ордунан туруп “Бизди туура эмес түшунүп алба” деп басып кетти. Өзүңдүн күйөөңдү жутуп, эми башканын күйөөсүнө көз сала баштадыңбы деген сөз оозумдан ыргып кетти. Ичимден ыңгайсыз болсом дагы сыртымдан ачуум чыгып турду. Колумдан катуу кармап, жолдошум мени ээрчитип үйгө кетип калдык. Үйгө чейин дагы, андан кийин дагы экөөбүздүн урушубуз тыйылган жок. Жолдошум экөөбүздүн эртеп курган сепилибиз ошол күнү урап түштү.

Бир күнү түн бир оокумда жолдошум мас келди, жөөлүп “Асылым, болду сени кое бербейм” деп сүйлөнүп жатты. Телефонун аңтарып, арасында WhatsAppтан “Асылкечим” деп сакталган номерди таап алып, жазышууларды окуп чыктым. Экөө эски күндөрдөгү “махабат баянын” катуу эскеришип, Асыл жолдошума “Болду эми көп жазба, аяшка катуу тийип капа болбосун” дептир. А мен анын көлөкөсүн кошо жек көрүп жаттым.

Эртеси таң атпай турсам, менден мурда жолдошум кетип калыптыр. Чалсам такыр албай койду, айласыздан Асылга чалдым.

  • “Ооба, Тилек меникине келди, бир аздан кийин барат десе, ары жактан Тилек “Мен сенден кетким келген жок” деп сүйлөп жатты. Телефонду дароо өчүрүп, үнүмдүн болушунча кыйкырып ыйлап алдым. Балдарыма сыр бербей, айылдагы кайын журтума жөнөттүм. Эртеси таңга жуук Тилек келди, эч нерсе деп сүйлөбөй жатып алды.

Асылга чалып жолугушалы дедим, бирок макул болбой койду. Үйүнүн дарегин сураштырсам эч ким билбейт экен. Болгон ачуум менен барып Тилекти ойготтум, сүйлөшөлү деген сунушума “Мени жайыма койчу” деген сөз уктум.

Эч нерсе дебей кечке жуук даярдана баштады, кайра ойношуңа кеткени жатасыңбы десем “Сенин ишиң болбосун” деп кагып салды. Мен да ага чейин такси чакырып даярданып отургам, ал чыккандан кийин аркасынан аңдып жөнөдүм. Бир жерге келип токтоп, койкоюп ал үйдүн ичинен Асыл чыкты. Аны унаасына отургузуп алып, шаардагы кымбат ресторандардын бирине алып барды. Экөө отуруп, жайгашкандан кийин мен дагы кирип барып жанаша отуруп алдым.

Асыл дагы качып кеткиси келди, бирок мен колунан жулкуп алып ордуна отургуздум. Ушул жерден чечишебиз, болбосо элдин баарына ойнош экениңди айтып жар салам десем тынчып калды. Ал сөздү уккан Тилек менин колума бир чапты, “Тилиңди тыйбасаң эшикке чыгартып салам” деп да коркутту.

“Уялбагандан өзүң уял” болуп отуруп калдым, бир кезде Тилек мага “Мен Асылды сүйөм, өмүр бою Асылды сүйгөм, мен аялдыкка алам, экинчи болуп тийгенге өзүн да макул кылдым, сен дагы макул болосуң же ажырашабыз” деген ультиматум койду. Мен ажырашпайм, мен бүткүл өмүрүмдү сени менен ажырашуу үчүн короткон эмесмин, каяктагы бир шуркуя үчүн ушул тагдырымдан баш тартпайм деп сүйлөнүп жаттым. Асылды бир дагы жаман сөз менен айтпагын деп столду катуу бир чапты. Намысым тебеленсе да, көзүмдөн жаш акса да тапкан кирешебиз менин эсебимде турат, мен болбосом сен эч кимсиң деп айттым.

  • “Сени менен тапкан байлыкты Асыл менен да таап алам, ал сендей байлык үчүн жанын берген адам эмес” деди… Баятан бери тилин жутуп алган Асыл “Баарына макул болосуң же Тилек азыр мени менен кетип, кайра кайтып келбейт” дегенде ордумдан туруп, колумда турган сууну бетине чачып жиберип кетип калдым.

Ошондон бери 1 ай өттү, Тилектен дайын жок, экөөнүн бактылуу сүрөттөрүн Асылдын тарыхчаларынан көрүп калам. “Сүйбөгөнгө сүйкөнбө” дешет го, бирок жүрөк деген түшүнбөйт тура, азыр Тилектин сунушун кабыл алып, жашоомдо жок дегенде анын карааны менен жашап турсамбы деп ойлонуп кетем. Эмне кылсам жашоом жеңилдейт, кеңеш бериңиздерчи…

Автор: Асель Жаныбек

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.