Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде жеңишке жетти


Кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде ийгиликтүү дебют жасады.

2024-жылкы Олимпиада оюндарынын финалисти жана дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси 20-июлда Бишкекте өткөн бокс Достук кечесинде күч сынады. Турнирди япониялык SAIKOU LUSH промоушен өткөргөн.

Сейитбек уулунун атаандашы Угандалык Коннрад Серуенге болду (9 Жеңиш — 6 жеңилүү).

Калыстар бир добуштан кыргызстандыкка жеңишти берди.