Филадельфияда медициналык учак кулады


АКШда дагы бир учак кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Санитардык учак аба майдандан көтөрүлгөндөн кийин эле кырсыктаган. Ичинде алты адам (оорулуу бала да бар) болгон. Бир нече үй өрттөнүп, газ түтүгү жабыркап, өрттүн күчөшүн шарттаган.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Жүргүнчүлөр менен жашоочулардын абалы тууралуу да айтыла элек.