Коом
Долондо унаа жолго түшкөн кар көчкүнү тазалоого атайын техника жана адамдар тартылды
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоого атайын техника жана адамдар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-мартта саат 10:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-293-чакырым аралыгында (Долон ашуусу) кар көчкү түшкөн. Буга байланыштуу унаа жол жабылган.
Жерине Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 жүктөгүч жана 8 кызматкер тартылган.