Бул тууралуу БелТА жазды.
Маалыматка караганда, кырсык өлкөнүн борборунда жайгашкан Хунин провинциясында болгон.
Молина автобусу катышкан кырсыктын кесепетинен 15 адам каза болгон.
Учурда дарыгерлер менен полиция алардын өздүгүн тактоого аракет кылууда. 27 бейтап ооруканага жеткирилген.
Кырсыктын себептери азырынча тактала элек. 66 жүргүнчүсү бар автобус Лимадан Ла Мерсед шаарына бара жаткан.

