«Ош» базарында рейд жүрөт


Бүгүн, 29-июлда Бишкек шаарындагы «Ош» базарында Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бир нече профилактикалык иш-чараларды өткөрүшөт.

Милиция кызматкерлери үй-жайы жокторду, кайыр сурагандарды, туура эмес токтотулган унаалардын айдоочуларын, жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөрдү аныктап, чөнтөк уурулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.