Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясынын адистери Баткенге барышты.
Адистер жарандарга турак жай алуунун шарттарын жеткирүү жана онлайн кезекке туруу боюнча консультативдик жардам көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек,учурда Баткен шаарында үч даректе турак жай комплекси курулууда.Жалпы батирлердин саны 4116.
МИК өкүлдөрүнүн Баткенде жарандарды кабыл алуу графиги:
-Баткен шаары 29-30-июль
-Раззаков шаары 31-июль
-Кадамжай шаары 1-август 9:00дөн 12:00гө чейин,Кызыл-Кыя шаары 13:00дөн 18:00гө чейин.

