Милициянын маалыматы боюнча, аларга район тургуну арыз менен кайрылган. Ал азырында билдиргендей, 2024-жылы апрель-май айларында Айтматов райондук прокуратурасындагы «Р» аттуу кызматкер мамлекеттик кызматта иштеген адамдар менен сүйлөшүп Кызыл-Адыр айылынан 5 жана 7 сотик жерди арзан баада алып берүүнү убадалаган. Андан 1 млн 26 миң сом алган. Бирок айтканын аткарбай же акчаны кайтарбай качып жүргөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштери учурунда шектүү катары 31 жаштагы Ош шаарынын тургуну С.Р. кармалган. Ал Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жашырынып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, шектүү (С.Р.) арыз ээсинен акча алган учурда Айтматов райондук прокуратурасында иштеп турган. Бирок июлда иш бөлмөсүндө акча алып жаткан жеринен кармалып, кызматтан кеткен.
Милиция аталган жарандан жабыр тарткандар болсо, 03422 5 24 95, 0507 44 87 54 же 0707 19 58 20 номерине кабар берүүсүн суранат.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

