Соттуулугу жоюлган адам президент же депутат боло албайт


Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзамга ылайык, соттуулугу бар (ошондой эле жоюлган же алынган) адам президент, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана албайт, өкмөткө же башка мамлекеттик органдарга кызматка келе албайт. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Улуттук банктын төрагасы, анын орун басары же Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү, Эсептөө палатасынын аудитору болууга тыюу салынат.

Аны менен катар реабилитацияга жатпаган негиздер менен козголгон кылмыш иши жабылган адамдар (этиятсыздык менен жасалган жеңил жана анча оор эмес кылмыштарды, ошондой эле ал кылмыштар боюнча жапа чеккен тараптын айыптоодон баш тартуусу же жабырлануучу менен айыпталуучунун макулдашууга жетишкен учурларды кошпогондо) кишилер да аталган кызматтарга шайлана албайт же дайындалбайт.

Белгилей кетсек, буга чейинки мыйзамда соттуулугу жоюлбаган же алынбаган адам гана аталган кызматтарга келе албайт деп жазылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренесине ылайык, адамдын соттуулугу жасаган кылмышынын оордугуна жараша белгилүү бир убакыттан кийин жоюлат. Мисалы, коркунучу азыраак кылмыш жасаган адам жазасын өтөп бүткөндөн кийин соттолгон эмес деп таанылат. Пробациялык көзөмөлгө алынган жаран, анын мөөнөтү аяктагандан кийин соттуулугу жоюлат.

Ошондой эле анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн абакка кесилген киши жазасын өтөп бүткөндөн кийин 3, 7 жана 10 жыл өткөн соң соттуулугу жоюлат. Соттуулукту мөөнөтүнөн мурда алып салуу жарандын кайрылуусунун негизинде сот тарабынан чечилет.