Маданият

Филармония 85 жылдык юбилейине карата мультимедиалык кум-шоу тартуулайт

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония өзүнүн 85 жылдык юбилейине карата искусствонун эки түрү — музыка жана кум анимациясы боюнча уникалдуу долбоорун тартуулайт.

«Сиздердин көз алдыңыздарда кумдан сүрөттөр, иллюстрацияланган музыкалык образдар жаралат», — дешет уюштуруучулар.

Маалыматка ылайык, музыканы филармониянын мамлекеттик камералык оркестри аткарат. Концерттик программага дүйнөлүк композиторлордун белгилүү чыгармалары, «Хатико», «Музыканын үнү», «Ла-Ла Ленд» фильмдеринин музыкасы, ошондой эле соло пианиносуна ылайык эксклюзивдүү заманбап белгилүү чыгармалар жана кыргыз композиторлорунун оркестрдик оранжировкалары камтылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button