Прокуратура органдарына мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун алкагында 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 6 мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Мыйзам бузууларды четтетүү жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында 2 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, жыйынтыгында мамлекетке 537 168 сом зыян келтирилген. Кошумчалай кетсек, фактылардын бири боюнча кылмыш иши козголгон.
Алсак, борбор калаадагы кесиптик лицейлердин биринде жүргүзүлгөн текшерүүдө 2021-жылдын январь айынан 2024-жылдын февраль айына чейинки аралыкта лицейдин кызматкерлери М.Д.ны устат-инструктор, А.Г.ны ашкана кызматкери катары жасалма түрдө иштетип келишкени аныкталган. Ошол эле учурда аталган лицейдин жетекчилиги аталган адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбай жатканын билип туруп, убакыт таблицасына атайылап жалган маалыматтарды киргизишкен. Мына ошол жасалма документтердин негизинде атайын жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен айлык маяналар негизсиз эсептелген.
Алсак, мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдар эмгек акы алуучу катары убакыт таблицасына киргизилип, расмий документтер бурмаланып, натыйжада мамлекетке 598 миң 986 сом зыян келтирилген. Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-пунктуна ылайык кылмыш иши козголуп, материалдар андан ары тергөөнү уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге жөнөтүлгөн.
Учурда керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошону менен бирге, «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Менчигинин түрүнө карабастан органдардын жана мекемелердин жетекчилери, ошондой эле жарандар ыйгарым укуктуу органдарга коррупцияны аныктоодо жана ага бөгөт коюуда көмөк көрсөтө алышат. Мыйзам бузуулар жана коррупциялык фактылар боюнча бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасына (0312) 54-83-84 телефон номери боюнча кайрылсаңыздар болот.

