Майкл Жексондун жалтырак байпагы аукциондо сатылды


 Лот 7 миң 688 еврого сатылганын South China Morning Post басылмасы жазды. 

Аукцион 30-июлда Ним шаарында, Interencheres платформасында өттү. АукциончуАурора Иллинин айтымында, байпак 1997-жылы жайында HIStory World Tour алкагында өткөн концерттен кийин техникалык кызматкер тарабынан Жексондун чечинүүчү бөлмөсүнө жакын жерден табылган.

Алгач артефакт 3000-4000 еврого бааланган. Бирок коллекционерлердин жана күйөрмандарынын кызыгуусунун артышы акыркы баанын болжолдонгондон дээрлик эки эсе жогору болушуна алып келди.