Коом

Бишкекте Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасынын негизинде тартылган дубал сүрөтү пайда болду

Борбор калаада Чүй проспектиси, 124 дареги жана Панфилов көчөсү менен кесилишкен даректеги имараттын сыртына Чыңгыз Айтматовдун атактуу “Кызыл алма” чыгармасындагы каармандары, кыргыз киносунун белгилүү актерлору Сүймөнкул Чокморовдун жана Таттыбубу Турсунбаеванын элеси түшүрүлгөн мурал пайда болду.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, имараттын капталын Джубили Кыргызстан камсыздандыруу компаниясынын («Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company» ЖАК) тапшырыгы жана демилгеси менен стрит-арт сүрөтчүлөрү кооздогон.
«Бул мурал имараттардын фасаддарын жаңылоонун алкагында орнотулуп, компаниянын 25 жылдыгына карата шаарга белек болуп саналат.
Муралды тартуу иштери бир жуманын ичинде бүтөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, сүрөттү тартуу Биринчи май райондук администрациясы жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен макулдашылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button