Атым Азиза, (ред. аты өзгөртүлдү) өзүм Баткендин кызы болом.
Мектепти бүткөндөн кийин эле мени ала качып кетишкен. Ошентип, күйөөмдү жакшы тааныбай эле турмуш жолун баштагам. Көп ичип, кыздарга жакын экенин билгенимде андан көңүлүм калды. Бирок ортодо 2 балам бар, аларды кыя албай жашай бердим. Баарын байкап жүргөн кайненем аны Москвага кетирип жиберди, ошондо деле пайдасы тийген жок. Тапкан акчасынан жибербейт, тааныштарыман угушума караганда ал жактан дагы бирөө менен жашап жүрүптүр. Ал жоругун угуп алып Бишкекке келип алгам, үйдөн тикмечи болуп иштеп, даяр болгон товарларды кайра цехке жеткирип жаттым.
Күйөөм айына эптеп 4000 сом салып турат, анысына памперс менен кургак сүт алсам түгөнөт, кененирээк эле салбайсыңбы десем сөгүп салат, өзү болсо улуу балама чалып алып Айфон алдым көрдүңбү деп мактаныптыр. Ары жок адамга баары бир тура, баласы ачка отурса өз кара башын ойлоп жүрөт.
Жакында келди, эч нерсе болбогондой мактанып, кымбат кийимдерин көрсөтүп алып кеткен. Ал кеткенден кийин кош бойлуу болуп калганымды билдим.
Телефон чалып балалуу болгон жатабыз деген кабарды айтайын десем, ары жактан аялдын үнү угулду. Күйөөм аны угуп турганча, мага да баары угулуп жатты. Көрсө, алардын эбак эле башка баласы бар экен, эки жактан тең жашоосун улантып жүрүптүр. Күйөөм “Мага чалбай турчу, мен сага өзүм чалам” деп өчүрүп салды. Мурда башкасы бар экенин билчүмүн, бирок баласы бар экенин билгенимде аябай жаман болдум.
Кайненеме айтсам “Алдырып сал, экөөнү эптеп багып атканда эмне кыласың” деп гана супсак жооп берди. А мен баланы калтыргым келет, бирок кантип багам? Ажырашкандан да корком… Кеңеш бериңиздерчи суранам.
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

