Пакистанда муссон жамгырларынан каза болгондордун саны 299га жетти


Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгы (NDMA) маалыматына караганда, 26-июндан бери жааган нөшөрлүү жамгырлар жана суу ташкынынын кесепетинен 299 адам, анын ичинде 140 бала каза болуп, 715тен ашык киши жаракат алган.

Мындан тышкары, жаратылыш кырсыгынан 1 миң 676 үй жабыркап, алардын 562си толугу менен кыйраган.

2 миң 889 адам коопсуз жерге эвакуацияланган.

Учурда жабыркаган аймактарда гуманитардык жардам көрсөтүү иштери уланууда.