Кытайдын Гуандун провинциясында июль айынан бери Чикунгунья вирусун жуктургандардын саны жети миңден ашты. Провинция бийлиги вирустун жайылышын токтотуу үчүн COVID пандемиясы маалында колдонулган ыкмаларга окшош чараларды көрүп жатканын айтууда.
Инфекциянын очогу болгон, 10 миллион калкы бар Фошань шаарында вирус жуктургандарды ооруканаларда атайын чиркейге каршы торлор тартылган керебеттерде кармашууда. Алар бир жума бою же анализдери таза чыкмайынча көзөмөлдө болушат.
Чикунгунья вирусун чиркейлер таратат. Ал дене табынын көтөрүлүшүнө жана муундардын катуу оорусуна алып келет. Айрым учурларда бул белгилер бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн.
Бирок бул вирус адамдан адамга жукпайт — аны бир гана чиркей таратат. Башкача айтканда, вирусту жуктурган адамды чаккан чиркей башка бирөөнү чакканда гана вирус жугат.
Кытай бийлигинин маалыматына караганда, азырынча ооругандардын баарында белгилер жеңил формада өтүп жатат жана бейтаптардын 95 пайызы бир жуманын ичинде айыгып, ооруканадан чыгууда.

