Маданият
Ысык-Көлдө ”Ак-Мөөр Fest” этно фестивалы өтөт
Ысык-Көл облусунун Ѳрнөк айылында 22-24-июль күндөрү «Ак-Мөөр Fest – 2022» этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, фестиваль кыргыз кол өнөрчүлүгүн даңазалоо, кыргыз кыздарынын кадыр-баркын жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды чагылдыруу максатында өтөт.
Фестивалдын алкагында “Акмөөр” сулуулар сынагы өтүп, Гала концерт менен коштолот.
Ошондой эле, билеттерге кызыктыруучу белектер да каралган:
Кир жуучу машина,
Чаң соргуч (пылесос)
Айфон 13
Турцияга жолдомо жана баш байге АВТОУНАА!
Утуштар лоторея форматында ойнотулат.
Аталган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.