Коом

Оштун 75 жаштагы тургуну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 6 мамлекеттен велосипед тээп өтөт

Кечээ, 5-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн шайтан араба менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты.

М.Таштановго Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Таштанов 6 мамлекет аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button