Коом

Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотуу боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери саат 16.00дө ок атышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев билдирди.

Анын айтымында, парламентарийлер эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун сүйлөшүүлөрү тууралуу актуалдуу маалымат алышты.

Азыр депутаттар Ак үйдүн астына чыккан митингчилердин өкүлдөрү менен жолугуп жатышат. Депутаттын айтымында, алар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болуп жаткан окуяларга тиешелүү жооп берүүнү талап кылышууда.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, таңкы саат 6:00 чамасында тажик тарап чек ара отряддарын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Кийинчерээк тажик тарап Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларын жана чек ара айылдарын минометтон аткылаган.

Буга чейин 42 адам жаракат алган. Кагылышуулар үчүнчү күндөн бери уланууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек районунун жети айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Депутаттар ошондой эле кезексиз жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларында эки штаб түзүү чечимине келишти. Алар Баткен шаарынын тургундарына гуманитардык жардам чогултуу, ошондой эле согуштук аракеттер жүрүп жаткан айылдардагы жарандарды эвакуациялоого көмөктөшүү ниетинде.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button