Коом

Марат Иманкулов менен Станислав Зась кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 4-октябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу, учурдагы жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу реакция кылуу маселелери, ошондой эле ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги талкууланды.

Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары мурдагыдай эле ЖККУнун потенциалын жана беделин чыңдоого конструктивдүү жана активдүү салым кошууга даяр экенин билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button