Чүйдө бангизат сатуу менен алектенген жаран кармалды


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 23-январында болжол менен саат 20:50 чамасында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттарды таратууну токтотуу боюнча атайын операция жүргүзүшкөн.
Тактап айытканда, Ысык-Ата районундагы айылдардын биринин аймагында жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 1990-жылы туулган А.А. атуу жаранда целлофан менен оролгон өзгөчө кара куурайдын жыты бар 12 баштыкча табылып алынган.

 

Кармалган жарандан алынган баңгизаттын жалпы салмагы 286 граммды түзгөн. Тинтүүгө ИИМдин БМЖКККнын Кинологиялык борборунун “Рокки” аттуу кызматтык издөө ити колдонулган.
Бишкек ШИИББдин Криминалистикалык кызматынын маалыматына ылайык, изилдөөгө сунушталган өсүмдүк тектүү баңгизат – кара куурай чайыры (гашиш) болуп аныкталган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүндө “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
КР Кылмыш-жаза процецуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык А.А. аттуу жаран кармалып, Жайыл райондук ИИБдин Убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.