Садыр Жапаров аскерлер менен бирге тамактанды


Президент Садыр Жапаров кечээ Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан 2024-аскер бөлүгүнүн жаңыланган аскердик комплексин ачуу иш-чарасына катышты.

Мамлекет башчысы аскердик комплекстин спорт залын, чек аралык даңк музейин жана спорт шаарчасын көрүп чыкты.

Ошондой эле коменданттык ротаны жана жатакананы кыдырып, аскер бөлүгүнүн ашканасында аскер кызматчылары менен бирге тамактанды. Анда Садыр Жапаровго жуманын ар бир күнүнө карата түзүлгөн тамак-аш рационунун үлгүлөрү көрсөтүлдү.