Коом

Эртең электр энергиясы өлкө боюнча бир саатка өчүрүлөт

11-ноябрда электр кубаты Кыргызстан боюнча бир саатка өчүрүлөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мындай чечим Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегат эксплуатацияга берилип жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган. Агрегат ушул жылдын 15-ноябрынан тарта иштей баштамак. Бирок «Электр станциялары» компаниясынын жетекчилиги аны 11-ноябрда ишке берүү чечимин кабыл алган.

«Жаңы гидромеханикалык жабдууларды сыноо учурунда электр энергиясы бир сааттан ашпаган убакытка өчүрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button