Аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалганын Чүй облустук милициядан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, милицияга 3-февралда Д.Н. жана Д.З. аттуу жубайлар ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде териштирүү иштери жүрүп, коргоо ордери берилген.
4-февраль күнү саат 9:36 ченде милицияга кайра эле ошол даректеги (Лесная көчөсү) үйдөн аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар келген.

«Тергөөдө белгилүү болгондой, 4-февраль саат 8:00 чамасында кызганычтан жубайлар ортосунда чыр чыккан. Д.Н. аттуу киши аялына бычак уруп, натыйжада жубайы ошол жерден көз жумган», — деп жазылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») беренеси боюнча иш козголуп, 40 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.