Экинчи эгин катары «Клери» жана «Альба» сортундагы клубникалар өстүрүлүп жатат


Араван районунда дыйкандар экинчи эгин катары кулпунай өстүрүүнү колго алып, үзүрлүү эмгектенүүдө. Эрте жазда бул аянтка помидор эгилип, түшүмү алынгандан кийин кайрадан кулпунайдын «Клери» жана «Альба» сорттору тигилүүдө.

«Клери» сорту – эрте быша турган, жемиши ири жана ширелүү болгондугу менен айырмаланат. Даамы таттуу, сактоого жана ташууга ыңгайлуу.
«Альба» сорту – ысыкка чыдамдуу, түшүмдүүлүгү жогору жана жемиши бир калыпта чоң чыгып, базар талаптарына жооп берет.
Кулпунайды жыл сайын 15-августтан 15-сентябрга чейин эгүү мүмкүн. Быйыл да айдоо аянттарына эгүү иштери жүргүзүлдү.

Райондо орто эсеп менен жыл сайын 27 гектар жерге кулпунай эгилип, түшүмү жергиликтүү элдин керектөөсүн камсыздоо менен катар кошумча киреше булагын түзүүдө.