16 жашка чыга электердин жалпы жарандык паспорт алуусун жөнөкөйлөтүү сунушталды


Учурдагы мыйзамга ылайык, паспорт алуу үчүн ата-эненин макулдугу зарыл. Болбосо соттун чечими талап кылынып, кыйнчылыктарды жаратып келет.

Мындан улам ата-эненин бирөөсүнүн гана макулдугу жетиштүү болгон мыйзам долбоору сунушталууда. Ал коомдук талкууга чыгарылды.