Коом

Бишкекте аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө гумжардам таратылды

Бишкекте аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам Хьюман Эппиэл Австралия кайрымдуулук фонду (Human Appeal Australia) жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилди.

«Гуманитардык жардамды социалдык өнүгүү каттоосунда турган 100 үй-бүлө алды. Ар бир үй-бүлөнүн балдарына жылуу курткалар, жууркан-төшөктөр, азык-түлүк топтому таратылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button