Жол кырсыгы июнда болуп, бөбөк алган жаракатынан чарчап калган. Иликтөөдө рулдагы 31 жаштагы аялдын айдоочулук күбөлүгү жок болгону, каргаша болгон күнү ага Lexus RX 300 унаасынын ээси жанында отуруп үйрөтүп баратканы аныкталган.
Жайыл райондук соту кырсыкка кириптер болгон аялды 6 жылга эркинен ажыратты. Ал эми айдоочу келиндин 4 жаштагы кызы таежесиникинде болмок болду. Машинанын ээси 8 айга эркинен ажыратылган.

