Чолпон-Атада 34 жаштагы келин төрөттөн каза болду


Облустук милиция маалыматты тастыктады. Келин 5-сентябрга караган түнү Ысык-Көл райондук ооруканасынын төрөт үйүндө каза болгон. Тартип сакчылар маркумдун жолдошу милицияга арыз менен кайрылганын, азыр сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын
кошумчалады. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди.

ЖМКлардын айтымында, келин кесарево жолу менен уул төрөгөн, ымыркайдын абалы жакшы.

Буга чейин соцтармакта келиндин жакындары өлкө башчы Жапаров менен УКМК төрагасы Ташиевге кайрылган видеосу тараган.