Садыр Жапаров Дохадагы ракеталык чабуулдарды айыптады


Президент Садыр Жапаров кечээ, 9-сентябрда Доха шаарында болгон ракеталык чабуулдарды айыптайт.

“Бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын принциптерин бузат, ошондой эле Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө зыян келтирет”,-деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Катардын баш калаасы Дохада шейшембиде күндүз бир нече жарылуу болду.