УКМКнын кызматкери сумо күрөшү боюнча мелдеште 1-орунду алды


4-сентябрдан 12-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIV Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы “Азия– шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” урааны астында өттү.
Анда, 115 кг салмакта КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери сумо күрөшү боюнча Өзбекстан, Россия жана Кытайдан келген күчтүү атаандаштарын утуп, 1-орунду ээледи. Бул жеңиш биздин спортчуларыбыздын даярдыгынын жана күчтүүлүгүнүн ачык далили болуп калды.