Коом

Өкмөт «Аманат» холдингин түзүүдөн баш тартты

Министрлер кабинети «Аманат» холдингин түзүү идеясынан баш тартты. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эске салсак, бийлик «Аманат» улуттук холдинг компаниясын түзүп, анын уставдык капиталына мамлекеттик компанияларды өткөрүүнү көздөгөн. Холдинг жоюлган «Улуу көчмөндөрдүн мурасына» окшош болмок.

Белгилей кетсек, «Аманат» холдингине 100% мамлекеттик үлүшү бар 14 компания өтмөкчү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button