Мээрим Ташыбекованын 800 миң сомун алдап кеткен шектүү кармалды


Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген 23 жаштагы жаранды кармашкан. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 17-октябрь куну Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.Т. аттуу жаран кайрылган, себеби белгисиз адамдар телефон аркылуу өзүлөрүн Кыргыз Республиканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынынын жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып жана алдоо жолу менен ишеничине киришип, 825 мин сом акчасын котортуп алгандыгы тууралуу билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү 2002-жылы туулган А.Х., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициядан сөз учурда Кыргызпатенттин басма сөз катчысы кызматын аркалаган, журналист Мээрим Ташыбекова тууралуу болуп жатканын билдирди.