Швециянын Премьер-министри Ульф Кристерссон Эребру шаарындагы мектепте ок атуу боюнча пикирин билдирди. Ал трагедияга байланыштуу чукул пресс-конференцияда комментарий берди.
«Биз бейкүнөө адамдарга карата зордукка, өлүмгө дуушар болгон зомбулукка күбө болдук. Бул Швециянын тарыхындагы эң начар массалык атышуу», — деди премьер.
4-февраль, түштөн кийин Campus Risbergska мектепке кирип келген белгисиз адам туш келди ок чыгара баштаган. Кырсыктан 10 адам курман болуп, дагы алтоо тез жардам бөлүмүнө жеткирилген. Окуядан көп өтпөй кол салган адам өз жанын кыйган. Анын мотивдери түшүнүксүз. 35 жаштагы кишинин ок атуучу куралга уруксаты болгон.