Тагдыр: «Жашоомдун жарыгы» дегенди көрүп калдым. Жүрөгүм негедир «шуу» дей түштү…


Жыл өткөн сайын ортобуздагы сүйүү кайдадыр жашынып алды. Аны издегенден эринип, монотондуу жашап кеттик. Балдардын курсагы, окуусу деп жүрүп, жаштыгыбыз кантип өткөнүн байкабадык. Босогого илинип турган күзгүгө каранбай калганыбызга көп болду. Жанына жеткенде башыбызды ылдый салып өтүп кетебиз. Чындыкты тике кароо оор. Ак чачтар, бырыштар, нуру өчкөн көздөр…
— Балдардын курсагы ток бекен?
— Ток
— Мектебинде баары жакшы бекен?
— Жакшы..
— Кайда жүрүшөт?..
— Кайда болмок эле? Көчөдө ойноп жүрүшөт..
Экөөбүз ушинтип сүйлөшөбүз. Кээде ал суроо берет, кээде мен дегендей… Чоочун кишидей унчукпай чай ичип, жумуштарыбызга жөнөп кетебиз. Түнкүсүн ары карап, ойгоо, ойлонуп жата бермей адатыбыз бар.
Кучакташуу, өбүшүү, колтукташуу дегенден уялабыз. Базарга чыксак 2 метр аралыкта алыс жүрөбүз. Бир сыйра урушуп, маршруткага түшкөндө эки башка орундукка отуруп алабыз. Мындай карасаң, күлкүлүү, жаш баладан айырмабыз жок.
— Апа, апа, апааа!
— Ой тынччылыкпы? Душка да жөн чайкантпайсыңар!
— Атам телефонун унутуп кетиптир, бирөө чалып жатат..
— Азыр барам.
Коллегасынын номеринен чалып, балабыздан берип жиберишимди айтты. Уулумду убара кылбай, жумушума баратып таштап коеюн дедим. Маршруткада кармалап келе жаткам, зеригип келе жатып, телефонунун ичин ачып кирип кетипмин. Галереясына кирсем, балдарыбыздын, унаасынын,  атүгүл Актөштүн да сүрөтү бар экен. Менин сүрөтүм жок го? — деп байкабай сүйлөп жиберипмин. Жанымдагылар таңдана жалт карап коюшту.

«Жашоомдун жарыгы» деген папканы көрүп калдым. Ичим негедир «шуу» дей түштү. Ачтым..
Шилекейим агып уктап жаткан, балабызды жуунтуп жатканым, базардан ысып, кызарып балмуздак жеп келе жатканым, маршруткада шылкыйып уктап келе жатканым, ботинкамдын боосун байлап отурганым, кошуна келиндер менен сүйлөшүп турганым, каткырганым, кызым менен мультик көрүп жаткан сүрөттөрүм жайнап чыкты. Байкатпай мени тартып, сактап жүрчү тура… Ыйладым. Жумушуна барбай кайра артка кетип калдым. Анан баламды жөнөтүп жибердим.

Кечинде келгенде эч нерсе деген жокмун. Тамак ичип бүтүп, жатканга камына баштадык. Жуунуп келгиче күйөөм уктап калыптыр. Акырын жанына жатып, кучактадым.

Бир маалда колумду өзүнө тартып өөп койду. Биринчи жолу жүрөгүм тынч уктадым. Эртең менен башкача адам болуп, ойгонорубуз анык болуп калды…

Интернет булактарынан алынды…