Саясат

Дайырбек Орунбеков: Биринчи айым акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. «Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз», — деди Орунбеков.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button