Коом

Кыргыз-орус өкмөттөрү бир катар документтерге кол койду

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб маалымат кызматы билдирди.

Отурумунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:

  • соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын протоколу;
  • КР министрлер кабинети менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы КР орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана эксплуатациялоо шарттары жөнүндө макулдашуу;
  • 2015-жылдын 31-мартында кол коюлган КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы ЕАЭБ кошулуунун алкагында КР техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • КР Финансы министрлиги менен РФ Финансы министрлигинин ортосундагы КР ишке ашырып жаткан салыктык администрациясын колдоо үчүн РФ тарабынан КР акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • КР Финансы министрлиги менен РФ Финансы министрлигинин ортосундагы РФ тарабынан КР Финансы министрлигине мамлекеттик финансыны башкаруу тармагында илимий-методикалык колдоо жана техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография боюнча федералдык кызматынын (Росреестр) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • «Бишкек Солар» жоопкерчилиги чектелген коому, «Юнигрин Энерджи» компаниялар тобу жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button