КР УКМК Балыкчы шаарында баңги затын өндүрүү жана таратуу менен алектенген топтун ишмердүүлүгүн токтотту.

Тактап айтканда, КР жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн баңгизаттарды кол өнөрчүлүк ыкмасы менен даярдашкан.
Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда кармалып, тинтүүнүн натыйжасында 6 кг. баңгизат продукциясы, баңги каражаттарын жасоо үчүн буюмдар, ошондой эле катталбаган «Тоз 8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар алынган.
Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалып, Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.

