УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев транспорт министри Абсаттар Сыргабаев коррупциялык иштерге аралашканы тастыкталса камала турганын айтты.
Атайын кызматтын башчысы бүгүн «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрдү. Ал транспорт министрин ордунан тургузуп подрядчылардан акча алганы тууралуу арыз түшүп жатканын эскерткен.

